Ссылки доступа

Алматыда жүрүш жасай турган жол үч эсеге кыскарат


Алматыда тынч жүрүштөр жана демонстратиялар өтө турган көчөлөрдү полициясынын сунушу менен үч эсеге кыскартуу пландалууда. Бул тууралуу Алматы маслихаты даярдаган чечимдин долбоорунда айтылат.

2020-жылдын 23-июнунда кабыл алынган документке ылайык, Токаш Бокин эстелигинен баштап Кунаев менен Шевченко көчөлөрүнүн кесилишине, андан ары Шевченко көчөсү менен Шокан Валиханов скверине чейинки багыт кыскартылат. Жүрүшкө миңден ашуун киши катышууга болбойт.

Чечимдин азыркы редакциясында демонстрацияга уруксат берилген багыт Шокан Валиханов скверинен Шевченко көчөсү менен Махатма Ганди паркына чейинки аралыкты түзөт. Бул каттамдын узундугу 4,3 чакырым.

Эгер маслихат документке өзгөртүү киргизсе, жолдун узундугу 1,5 чакырымга, башкача айтканда үч эсеге кыскарат. Мыйзам долбоору 7-октябрга чейин коомдук талкууда болот.

Казакстандагы Адам укуктары жана мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча эл аралык бюронун директору Евгений Жовтис сунушталып жаткан өзгөртүү тынч жыйын өткөрүүгө карата пародия экенин билдирди. Анын айтымында, тынч жүрүштөр борбордук көчөлөрдөн башталып, адатта мамлекеттик органдарын имараттары жайгашкан аянтка чейин уланып, коомчулуктун көңүлүн бурушу керек.

- Балким, бир жерди эле айлануу керек. Балким, муну “жүрүш” деп атап коюу керек?

2020-жылдын июнь айынан бери Казакстанда “Тынч жыйындар жөнүндө” жаңы мыйзам иштеп баштаган. Казак бийлиги анын либералдуу экенин билдирип келет. Эксперттер, анын ичинде эл аралык уюмдар акция өткөрүү үчүн жергиликтүү акимчиликтерден уруксат алуу керек экенин айтышууда. “Уруксат берилбеген митингдердин” катышуучулары ырааттуу түрдө кармалып, камалып, айыппулга жыгылган учурлар арбын.

XS
SM
MD
LG