Ссылки доступа

Орусияда 11 өзбекстандык жумушчусу каза болгон ишкананын ээси төрт жылга жатак абакка кесилди


Орусиянын Томск облусундагы Асинов райондук соту "Грин Вуд" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, Кытайдын жараны Сунь Аньнини өрт коопсуздук эрежелерин бузууга күнөөлүү деп таап, төрт жылга жатак абагына кести.

2020-жылы январда аталган ишканада өрт чыгып, 12 жумушчу, анын ичинде 11 өзбек жараны каза болгон.

Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматына караганда, прокурор ишкер аялды 4,5 жылга жатак абагына кесүүнү өтүнгөн.

Өрт 2020-жылы 21-январга караган түнү Причулымский айылындагы жумушчулар жашаган бир кабаттуу жыгач үйдө чыккан. Өрттөнүп жаткан имараттан эки киши сыртка чыгууга үлгүрүп, өзбекстандык 11 жумушчу жана Орусиянын бир жараны каза болгон. Анда Томск облусунун бийлиги имарат киши жашоо үчүн эмес, өндүрүшкө ылайыкташылганын билдирген. Ишкананын жетекчиси Сунь Аньни беш күндөн кийин — 26-январда кармалган.

XS
SM
MD
LG