Ссылки доступа

"Талибан" Тажикстан менен чектеш провинцияга миңдеген жанкечти аскерлерин жөнөттү


"Талибан" кыймылынын расмий өкүлдөрү Тажикстан менен чектеш Тахор провинциясына "миңдеген" аскер кызматкерин жөнөткөнүн билдирди.

"Талибан" кыймылы Ооганстанда бийликти басып алгандан кийин Ооганстан Ислам Эмиратын түзгөнүн жарыялаган. Кыймыл Тахор провинциясында потенциалдуу коркунучтарды жоюу үчүн аскер бөлүктөрүн жөнөтүп жатканын белгилеген.

Тажик бийлиги бул маалымат "бир аз апыртылган" деп эсептейт.

"Талибандын" өкүлү Забихулла Мужахид "Твиттерге" аскердик унаалардын жана аскер кийимчен кишилердин сүрөтүн жарыялап, Мансури армиясынын ондогон аскери Тахорго жөнөтүлгөнү жазды.

Ислам Эмиратынын Мансури армиясы негизинен жанкечти террорчулардан турат. Өткөн аптада талибдер алардын бир бөлүгү Бадахшан провинциясына жайгашканын кабарлашкан.

Ооганстандын коңшусу болгон Тажикстан "Талибан" өкмөтүн тааныбай турганын билдирген. Тажик бийлиги талибдерге каршы Панжшер өрөөнүндө күрөшүп жаткан Улуттук каршылык фронтун жактай турганын да жашырбай келет.

Тажикстан менен Ооганстандын чек арасынын узундугу 1400 чакырымды түзөт. Соңку күндөрү Тажикстан Орусия жана башка Жамааттык Коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) менен бирге тажик-ооган чек арасына жакын жерде машыгууларды өткөрүүдө.

Видео

Видео

Тактазан жайлоосунан кен казуу каршылык жаратты
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:19 0:00
XS
SM
MD
LG