Ссылки доступа

Өзбекстан Lacetti жана Spark автоунааларын чыгарууну жандандырды


Өзбекстан заводдорундагы модернизациядан кийин Lacetti жана Spark үлгүсүндөгү автоунаалар кайрадан чыгарыла баштады.

UzAuto Motors маалымдагандай, завод быйыл июлдун ортосунан августтун аягына чейин жаңылоо иштеринен өткөн. Буга чейин жарым өткөргүчтөрдүн таңкыстыгынан улам Lacetti менен Spark унааларын чыгаруу токтотулганы кабарланган.

Ушул тапта UzAuto Motors популярдуу жана салыштырмалуу арзан автоунаалардын моделдерин чыгаруууну калыбына келтирди. Аска шаарындагы заводдо күн сайын орточо 800 автоунаа чыгарылары айтылууда.

Мурдараак Азербайжандын Гажигабул районунда UzAuto Motors менен SamAuto өндүрүш линияларынын ачылыш аземи болгон.

XS
SM
MD
LG