Ссылки доступа

Казакстандын элчиси "Талибан" өкмөтүнүн тышкы иштер министри менен жолукту


Казакстандын Ооганстандагы элчиси Алимхан Есенгелдиев 26-сентябрда Кабул шаарында талибдер түзгөн өкмөттөгү тышкы иштер министри Мир Хан Муттаки менен жолугушту.

Жергиликтүү ЖМКлар бул Казакстан өкүлүнүн “Талибан” кыймылынын жетекчилиги менен алгачкы жолу жогорку деңгээлде байланышка чыгуусу экенин белгилеп жатышат.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) билдирүүсүндө “Талибан” кыймылынын аталышы айтылган эмес, Муттаки “Ооганстандын убактылуу өкмөтүндөгү тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу” катары көрсөтүлгөн.

Мекеменин маалыматына караганда, тараптар “ооган элине азык-түлүк жана башка гуманитардык жардам жеткирүү маселелерин” талкуулады. Муттаки Оогансандагы жаңы администрация башка өлкөлөр, анын ичинде аймактагы коңшулары менен тынчтык мамилелерин орнотууга даяр экенин билдирген.

«Vласть» сайты маалымдагандай, «Талибандын» өкүлү Twitter баракчасына “тараптар эки өлкө ортосундагы соода-сатыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, бул жаатта эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүнү убадалаганын” жазды.

Амир Хан Муттаки — талибдер буга чейин Ооганстады башкарган 1996-2001-жылдары өлкөнүн Билим берүү, Маалымат жана маданият министрликтерин жетектеген.

Казакстан буга чейин талибдер бирдиктүү, инклюзивдүү өкмөт түзгөндөн кийин гана Ооганстан менен кызматташууга даяр экенин билдирген.

БУУнун Статистикалык агенттигинин маалыматына ылайык, Казакстан 2019-жылы Ооганстанга 400 миллион долларлык товар (негизинен буудай жана ун) экспорттогон.

Өткөн жумада Казакстандын айыл чарба министри Ербол Карашукеев өлкө Ооганстанга буудай менен ун экспортун уланта турганын айткан.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG