Ссылки доступа

Орусия ар башка кылмыштарга айыпталган үч өзбекстандыкты Ташкентке экстрадиция кылат


Орус бийлиги Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен мыйзамсыз маңзат сатууга жана алдамчылыкка айыпталган үч кишини Ташкентке экстрадиция кылат. Бул тууралуу Орусиянын Башкы прокуратурасы кабарлады.

Маалыматка караганда, алардын бири 2020-жылы май айында мыйзамсыз түрдө ири өлчөмдө баңгизат сатып алып, аны сактап жүргөн. Быйыл февралда ал полициянын жетекчилигиние пара катары 100 доллар берип жаткан маалда кармалган.

Мындан тышкары дагы бир өзбекстандык жарандарды "Финляндияга жумушка орноштурам деп алдап" акча алса, дагы бирөөнө опузалап акча талап кылуу айыбы тагылган.

XS
SM
MD
LG