Ссылки доступа

Казакстанда камактагы акын-диссидент Арон Атабек ооруканага которулганы кабарланууда


Казакстанда камактагы акын-диссидент Арон Атабек ооруканага которулду. Бул тууралуу 28-сентябрда "Ар.Рух.Хак" уюмунун жетекчиси Бахытжан Торегожина Facebook’тагы баракчасына жазды.

Павлодарлык укук коргоочу Елена Семёнова "Азаттыктын" казак кызматына Атабек бир жумадан бери ооруканада жатканын билдирди.

Азырынча Жазаларды аткаруу системасынын өкүлдөрү бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Жарандык коом өкүлдөрү акыркы кездери 2006-жылы Шанырак окуялары боюнча 18 жылга соттолуп, 15 жылдан бери камакта отурган диссиденттин саламаттыгына байланыштуу тынчсызданууларын билдирип келишет. Августта абакка барып Атабек менен жолугуп чыккан Улуттук превентивдик механизмдин өкүлдөрү акындын абалы кыйла начарлап кеткенин билдиришкен.

Өткөн жумада жергиликтүү укук коргоочулар Атабекке ырайым берүү өтүнүчү менен президенттик администрацияга петиция жөнөтүшкөн. Ага эки жарым миңге жакын киши кол койгон. Азырынча бийлик петиция боюнча эч кандай билдирүү жасай элек.

XS
SM
MD
LG