Каражат TAV Airports түрк холдинги жетектеген консорциумга берилет.
Европа реконструкция жана өнүгүү банкынын билдирүүсүндө ушул тапта каржылоо шарттары жөнүндө келишимге кол коюлганы айтылат. Маалыматка караганда, инвестициялык программанын жалпы наркы 780 миллион доллар турат.
Алматы аэропорту – Казакстандагы эң ири аба майдандарынын бири. Негизги жүргүнчү терминалы 2004-жылы мамлекеттин каражатына курулган. Ал 1999-жылы өрттөнүп кеткен эски имараттын ордуна салынган.
Пандемиялуу 2020-жылы аэропорт 3,6 миллион жүргүнчүнү тейлеп, жылды киреше менен аяктаган. 2019-жылы Алматы аба майданы 6,5 миллион жүргүнчүгө кызмат көрсөткөн.
Казакстан биржалар фондунун маалыматына караганда, 2021-жылдын 1-апрелине карата Алматы аэропортунун 100 пайыз акциясы Нидерландыда катталган Venus Airport Investments B.V компаниясына таандык. Жергиликтүү Forbes басылмасы бул компанияга түпкүлүгүндө сингапурлук Steppe Capital Pte. Ltd компаниясы ээлик кыларын белгилеген. Аны Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев көзөмөлдөйт.