Ссылки доступа

Ферганада ишкерлер Мирзиёевдин үгүт баннерлерин даярдоого мажбурланып жатышканын билдирүүдө


Фергана облусундагы айрым ишкерлер президенттик кызматка Шавкат Мирзиёевдин талапкерлигин көрсөткөн Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы аларды шайлоого карата мамлекет башчынын сүрөттөрү менен үгүт баннерлерин даярдоого мажбурлап жатканын билдирүүдө.

Алар Telegram мессенджери аркылуу журналисттерге кайрылып, партиянын Фергана облустук бөлүмүндөгү кызматкерлер басым кылып жатканына даттанышты.

Аты-жөнүн билдиргиси келбеген ишкерлердин биринин айтымында, партиянын облустук бөлүмүнүн кызматкерлери андан Шавкат Мирзиёевдин сүрөтү менен үгүт баннерлерин даярдоону талап кылууда.

– Ферганадагы ири ишкерлерге 6х3 көлөмүндөгү баннерлерди даярдоону өтүнүштү. Биз бирден баннер жасап бергенбиз, бирок дагы бирден жасап беришибизди талап кылып жатышат. Эң арзан баннер 400-500 сум (40-50 доллар) турат. Партия кызматкерлери ишкерлерге келип, "Силерде партия үчүн баннерлерди даярдап берүүгө мүмкүнчүлүгүңөр бар, андыктан талаптарды аткаргыла!" деп жатышат. Биздин да белгилүү бир өлчөмдө чыгымдарды талап кылган жумушубуз, үй-бүлөбүз бар да, – деди ал.

Бирок Өзбекстандын либерал-демократиялык партиясынын өкүлү ишкерлердин айыптоолорун четке кагууда.

– Бардык үгүт материалдарын бизге "Тасвирий ойна" аттуу фирма даярдап, аны партиянын борбордук комитети каржылап жатат. Жакында эле Ташкенттен 20дан ашык үгүт материалы келди. Биз бир да ишкерге партиянын баннерлерин даярдоону каржылап бер деп кайрылган эмеспиз, – деди партиянын өкүлү.

Өзбекстанда президенттик шайлоо быйыл 24-октябрда өтөт. Ага бийликчил беш партиянын талапкерлери катышат. Бийлик буга чейинки жылдардагыдай эле оппозициялык талапкерлердин шайлоого катышуусуна мүмкүндүк берген жок.

XS
SM
MD
LG