Ссылки доступа

Түркияда жашаган түркмөн активисти кармалды


Түркияда жашаган түркмөнстандык оппозиционер Дурсолтан Таганова кармалып, депортация изоляторуна жеткирилди. Бул тууралуу “Мемориал” укук коргоо фонду билдирди.

Буга чейин Түркияда жашаган түркмөн активисти Байрам Аллалыев депортацияланышы мүмкүн болгон 25 оппозициячынын аты-жөнү жазылган полициянын документин көргөнүн укук коргоочуларга айтып берген. Полициячылардын бири ага тизмедегилерди ушул жумада сүйлөшүүгө чакыра башташарын кабарлаган.

“Паспорт мөөнөтү өтүп кете электер үчүнчү өлкөгө чыгып кетсе жакшы болот. Калгандарын кармап, Түркмөнстанга депортациялайбыз”, деген полициячы.

Бердымухамедовдун бийлигин кескин сындап келаткан түркмөнстандык активист Дурсолтан Таганова 27-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарында кармалганын “Азаттыктын” түркмөн кызматы да тастыктады.

2020-жылдын июль айында Дурсолтан Таганова баштаган ондогон түркмөндөр Түркмөнстандын Стамбулдагы консулдугунун алдында президент Гурбангулы Бердымухамедовду сындаган акция өткөрүшкөн. Түрк полициясы бул акцияда Таганова менен кошо дагы бир нече адамды кармаган. Кармалгандардын көбү бир нече сааттан кийин эле бошотулган. Бирок Таганова ошол жылдын октябрь айында гана бир нече укук коргоо уюмдарынын Түркиянын бийлигине кайрылуусунан кийин эркиндикке чыккан.

Видео

Видео

Сузак: Сумаянын өлүмүнө шектүү изделүүдө
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:59 0:00
XS
SM
MD
LG