Өткөн аптада Нур-Султан соту Кытай элчилигине барган бир нече кишиге “тынч жыйын өткөрүү тартибин бузганы үчүн” 30-50 айлык эсептик көрсөткүч көлөмүндө айып пул салган. Туруктуу жумушу жоктугун билдирген жоопкерлер соцтармактар аркылуу жалпысынан миллион теңгеден ашык айыпты төлөө үчүн акча чогултуу акциясын башташкан.
28-сентябрда Эльвира Азимова “Туруктуу жумушу жокторго айып пул салуу адам укугун бузууга жатпайбы?” деген журналисттердин суроолоруна: “Бул соттун чечими. Соттун чечимине макул болушпаса, кайра даттанышса болот. Мыйзам баарына бирдей”, деп жооп берди.
Жоопкерлер апелляциялык арыз жазып, убакыт короткулары келбестигин, сот адилет чечим чыгарарына ынанбай тургандарын билдиришти.
Алардын айтымында, Алматыда Кытай консулдугунун алдында пикет өткөрүп, административдик жоопко тартылган 14 адамга 2 миллион теңге көлөмүндө 18 айып пул салынган. Аны төлөөгө калк көмөктөшкөн. Бул жолу да алар элден жардам сурашууда. Азыр 400 миң теңге каражат топтолду.
Шинжаңда миллиондон ашуун мусулман азчылыгы диний жана этникалык маселеге байланыштуу кодулоого дуушар болгону тууралуу 2018-жылы БУУнун комитетинин баяндамасы чыккан. Эл аралык коомчулуктун басымына карабай, Кытайда уйгур, казак, кыргыз сыяктуу мусулман азчылыктарын кысымга алуу күчөп, "кайра тарбиялоо" лагерлеринин саны 40% өскөнүн австралиялык Стратегиялык саясат институту да изилдеген.
Кытай бийлиги муну четке кагып, лагерлерди "кесиптик даярдоо" жана "экстремизмге каршы күрөшкөн борборлор" деп сыпаттап келет.