Ссылки доступа

Самаркандда газдын үзгүлтүккө учурашына байланыштуу жол тоскон кишилер жоопкерчиликке тартылды


Самарканд облусунда 13 киши жаратылыш газынын жоктугуна байланыштуу жол тоскону үчүн жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, 26-сентябрда Самарканд районунда жашаган 13 киши аймактагы М-37а айланма жолун тоскон.

Нааразылык акциясына чыккандар жашаган мааледе өкмөттүн токтому менен 2015-жылы газ куурлары кесилген. Жашоочулар суюлтулган газ колдонууга өтүшкөн.

Жол тоскондор суюлтулган газ толтурулган баллондор акыркы жолу быйыл июль айында таратылганына даттанышты.

Алар Самарканд районунун акимчилине келишти. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Самарканд райондук сотунун чечими менен 27-сентябрда 13 киши “майда бейбаштык”, “митингдерди, көчө жүрүштөрүн же демонстрацияларды уюштуруу, тартипти бузуу” айыбы менен административдик жоопкерчиликке тартылды: Алардын экөө 5 суткага камалды, калгандары айып пулга жыгылды.

XS
SM
MD
LG