Ссылки доступа

Казакстанда президенттен журналисттердин парламент жана өкмөт имараттарына кирүүсүн калыбына келтирүүнү өтүнүштү


Казакстандын журналисттик коому президент Касым-Жомарт Токаевге кайрылып, ЖМК өкүлдөрүнүн парламент жана өкмөт имараттарына кирүүсүн калыбына келтирүүнү өтүнүштү.

"Укуктук медиа борбор" фондунун сайтында жарыяланган билдирүүгө ылайык, Казакстанда 27-сентябрдан баштап көп кишинин катышуусундагы иш-чараларды өткөрүүгө уруксат берилди. Бирок журналисттер менен ЖМК кызматкерлерине байланыштуу эрежелер өзгөргөн жок.

Кайрылуунун авторлорунун айтымында, парламент менен өкмөт мурдагыдай эле жабык, ал эми онлайн-конференцияларда журналисттердин суроо берүү мүмкүндүгү чектелген. Жазуу түрүндө берилген соболдор көбүнчө керексиз жооптор менен толтурулат.

"Бул жагдай биздин кесиптик укуктарыбыз менен кызматыбызды, муну менен бирге жарандардын маалымат алуу укугун чектөөдө. Биздин пикирибизде, бул сөз эркиндиги тууралуу Конституциянын 20-беренесине, ЖМК жөнүндөгү 2-беренеге, Маалымат алуу тууралуу мыйзамга каршы келет" деп айтылган катта.

Кайрылууга жыйырмадан ашуун маалымат агенттигинин кызматкерлери, басма сөз эркиндигин коргоо уюмдары, көз карандысыз журналисттер жана фрилансерлер кол койгон.

Медиа коомчулук буга чейин да бийлик органдарына кат жолдоп, аткаминерлер карантиндик чектөөлөрдү колдонуу менен прессадан жашынып алышканын белгилешкен.

XS
SM
MD
LG