Сот өкүмүнө ылайык, 44 жаштагы Бейсен "Тынч жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү тартиптерин бузуу менен митинг өткөрүү" жана "Полиция кызматкерлеринин талаптарын аткаруудан баш тартуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, биринчи айыптоо боюнча 10 суткага, экинчиси боюнча беш суткага камалды.
29-сентябрга караган түнү ондон ашык активист изолятордун алдына топтолуп, Бейсенди бошотууну талап кылышты. Активист Нурлыбай Татаевдин айтымында, 30-сентябрда айдоочулар жолдорду акылуу кылууга, дизелдин майынын кымбатташына жана мажбурлап эмдөөдөн өткөрүүгө каршы нааразылык акциясына чыкканы жатышкан.
Быйыл майдын аягында Казакстанда оор жүк ташуучу автоунаалардын айдоочулары трассаларды акылуу кылууга каршы митингдерди өткөрүшкөн. Алар жолдордун сапаты начар, күйүүчү май кымбат жана жүк ташуунун акысы төмөн болуп жатканын билдиришкен.
2-июнда Казакстандын индустрия жана инфраструктуралык өнүгүү министри Бейбут Атамкулов айдоочулардын нааразылыгы тууралуу пикирин билдирип, автоунаа жолдорун акылуу кылуу "жалпы дүйнөлүк тажрыйба экенин" айткан. Ал 2025-жылга чейин жалпы өлкө боюнча 11 миң чакырым автоунаа жолун акылуу кылуу пландалып жатканын билдирген.