Ссылки доступа

АКШ менен Орусиянын аскер кызматкерлери Борбор Азиядагы базаларды чогуу колдонуу мүмкүндүгүн талкуулашты


АКШ Коргоо министрлигинин өкүлү, генерал Марк Милли менен Орусия Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Валерий Герасимов Борбор Азиядагы орус базаларын биргеликте колдонуу ыктымалдуулугун талкуулашты.

Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасы америкалык аткаминерлерге шилтеме кылып кабарлады. Жогорку аскер кызматкерлеринин сүйлөшүүсү 22-сентябрда Хельсинкиде өткөн. Москва менен Вашингтон бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартышты.

"Коммерсантъ" гезити маалымдагандай, Владимир Путин июнь айында Женевада Жо Байден менен жолугушуу учурунда Ооганстандан чыккан террордук коркунучтарга каршы аракеттенүү үчүн орус аскер объектилерин бирге колдонууну сунуштаган. Wall Street Journal жазгандай, саммиттен кийин АКШнын Улуттук коопсуздук кеңеши Миллиге кайрылып, муну орус президенти чындап эле сунуштаганбы же талкуу учурунда айтылган гана сөз болгонбу тактоону өтүнүшкөн.

Ак үйдүн өкүлү Wall Street Journal басылмасына АКШ Ооганстанга жакын аймактарга аскерлерин жайгаштырууда Москвадан уруксат сурабай турганын белгиледи.

Америкалык ЖМКлар АКШ Ооганстандагы аскерлерин чыгарып кеткенден кийин Вашингтон өз жоокерлерин Тажикстанга же Өзбекстанга жайгаштыруу мүмкүндүгүн карап жатканын жазышкан. "Коммерсант" белгилегендей, Женевада Путин Байденге Тажикстан менен Кыргызстандагы орус аскер базаларын бирге колдонууну сунуштаган.

Августта "Талибан" кыймылы Кабулду басып алып, өз өкмөтүн түзүүгө киришкен. Ооганстан менен чек аралаш өлкөлөр талибдердин бийликке келиши менен чөлкөмдө террордук коркунучтар күчөшү ыктымал экенине кооптонуп жатышат.

Видео

Видео

Бир класста 40 окуучу. Жаңы конуштардын мектеп көгөйү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:22 0:00
XS
SM
MD
LG