Ссылки доступа

Өзбекстанда 12 жаштан жогорку балдарды эмдөөгө уруксат берилди


Өзбекстанда 12 жаштан жогорку балдарга ыктыярдуу түрдө COVID-19га каршы Pfizer вакцинасын алууга уруксат берилди.

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги 28-сентябрда клиникалык сыноо учурунда Pfizer вакцинасы 12-15 жаштагы балдар арасында жогорку натыйжалуулугун жана коопсуз экенин көрсөткөнүн маалымдаган.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 12 жаштагы балдарга Pfizer вакцинасын алуу сунушун берген.

13-сентябрда Өзбекстанга Pfizer / BioNTech вакцинасынан 1 200 000 доза жеткирилген.

Өзбекстанда коронавируска каршы эмдөө быйыл 1-апрелде башталган. Ушул апта орус өндүрүшүнөн чыккан "Спутник V" менен Кытайдын ZF-UZ-VAC 200 вакцинасы, мындан тышкары AstraZeneca, Moderna жана Pfizer / BioNTech вакциналары колдонулууда.

Бүгүнкү күнгө карата Өзбекстанда 4 283 645 адам толугу менен эмдөөдөн өттү.

XS
SM
MD
LG