Ал ортодо Душанбе шаардык сотунун катчысы Амондун иши жабылганын, 1 миллион 90 миң рубль чыгымды төлөп бергенин, эми ырайым алса абактан чыгарын билдирди. Укук коргоочу жети айдан бери камакта отурат.
Москвадагы тажик борборунун жетекчиси Иззат Амондун орус жарандыгы жокко чыгарылып, 25-мартта Орусиядан депортациялангандан кийин Тажикстанда кармалган. Расмий маалыматка караганда, активист ага алданып калдык деген бир нече кишинин арызынын негизинде кармалган. Жакындары укук коргоочуга коюлган айып негизсиз экенин билдирип келишет.
Иззат Амондун тарапташтары активист тажик бийлигин сындаганы үчүн кармалганын айтып чыгышкан. Орусияда ал мигранттарга юридикалык жардам көрсөтүүдөн сырткары социалдык медиада тажик өкмөтүнүн айрым иштерин сындап турчу.