Өлкөнүн Оор атлетика федерациясынын маалыматына караганда, Седовду "шарт-жагдайлар белгилүү болгонго чейин" кызматтан алуу чечимин Казакстандын оор атлетика боюнча мамлекеттик машыктыруучусу Тапсир Мендиханов башында турган атайын комиссия кабыл алган.
17-сентябрга караган түнү 25 жаштагы оор атлетчи Альберт Линдер өз жанын кыйган. Ал 2017-жылы оор атлетика боюнча Азиянын чемпиону жана жайкы Универсиаданын жеңүүчүсү болгон. Белгилүү спортунун өлүмү чоң резонанс жараткан. Анын бир тууганы жана командалаштары машыктыруучуларды айыптап, спортчуларга карата дайыма психологиялык басым, шантаж болуп келгенин, жаңы машыга баштаган балдар сабалганын айтып, курама команданын машыктыруучуларынын курамын кайра карап чыгууну талап кылышкан.
25-сентябрда казакстандык оор атлетчилер Алматыда басма сөз жыйынын өткөрүп, Альберт Линдердин өлүмү боюнча билдирүү жасашкан. Маркум спортчунун бир тууганы Семен Линдер курама команданын машыктыруучусу Сергей Седовду түздөн-түз айыптап, ал ички жаңжалдардан улам Альберттин спорттогу карьерасына тоскоолдук кылып келгенин айткан.
Линдердин өлүмүнөн кийин Алматы облустук полиция департаменти "Адамды өз жанын кыюуга чейин жеткирүү" беренеси боюнча тергөө иштери башталганын билдирген.