Ссылки доступа

Түркстанда айдоочулар автоунаа салондорунда нааразылык өткөрүп жатышат


Казакстанда Түркстан шаарынан Кызылордого карай чыга турган жолдогу Карашык айлынын маңдайына элүүдөй айдоочу чогулуп, күйүүчү майдын кымбаттаганына, акылуу жолдорго жана балдарды эмдөөдөн өткөрүүгө каршылык билдирип жатышат.

Полиция аларды таратууга аракет көрүүдө. Бул маалыматты "Азаттыкка" айдоочулардын бири Абай Төреханов билдирди.

"Карапайым калк, басымдуу бөлүгү айдоочулар турабыз. Жолдун акылуу болушуна, балдарды эмдөөгө, күйүүчү майдын кымбаттоосуна каршыбыз. Эч кандай тартип бузуу жок. Бирок полиция "кайткыла, анткиле, минткиле" деп жатат", деди Төреханов.

Полициячылар аларды жайына койбогондуктан, айдоочулар нааразылыгын автоунааларынын ичинде улантып жатышат.

Казакстанда 30-сентябрда айдоочулар акция өткөрөрү тууралуу кабар WhatsApp мессенжеринде тараган. Күн мурун Чымкентте нааразы айдоочулардын лидери Абдурахим Бейсен кармалган. Ал "тынч жыйын өткөрүү тартибин бузду" деген айып менен 15 суткага камалган.

XS
SM
MD
LG