Ссылки доступа

Тажикстанда ооган түрмөсүнөн алып келинген аял соттолууда


Ооган түрмөлөрүнүн бириндеги аялдар
Ооган түрмөлөрүнүн бириндеги аялдар

Тажикстанда бир нече ай мурда Ооганстандагы "Пули-Чархи" түрмөсүнөн алып келинген аял соттолууда. 31 жаштагы Олима Камолова Сириядагы согуштук аракеттерге катышкан деп айыпталып жатат.

Камалованын иши боюнча сот отурумдары Вахдат шаардык сотунда өтүп жатат. 29-сентябрда прокурор аны 15 жылга эркинен ажыратууну өтүндү.

Жакындарынын айтымында, Олима Камолова 2015-жылы күйөөсү менен чогуу Орусияга барып, ал жактан Сирияга кетишкен. Туугандары күйөөсү согушта өлгөндөн кийин ал үч баласы менен Ооганстанга кантип барганын, "Пули-Чархи" түрмөсүнө качан камалганын билишпейт.

"Карындашымдын эрезеге жете элек үч баласы бар. Ал согуштук аракеттерге катышкан эмес. Сирияга өз каалоосу менен барган эмес — аны күйөөсү алып кеткен", деди айыпталуучунун агасы Сулаймон Камолов.

Вахдат шаардык сотунун аты-жөнүн айткысы келбеген өкүлү "Камолова эртең акыркы сөзүн айта турганын, андан соң өкүм чыгарыларын" билдирди.

Былтыр январда Олима Камолова ооган түрмөсүнөн тажик бийлигине кайрылып, өзүн жана балдарын мекенине алып кетүүнү өтүнгөн. Ал балдары менен Тажикстанга алып келингенден кийин камакка алынган. Учурда анын балдары интернатта кармалууда.

Олима Камолова – "Ислам мамлекети" (ИМ) террордук уюмуна мүчө болгон күйөөлөрү согуштук аракеттер жүрүп жаткан аймактарга алып кеткен тажик аялдарынын бири. Алардын айрымдары Иракта терроризм айыбы менен узак мөөнөттөргө соттолсо, башкалары ИМ тобу жеңилгенден кийин Сириядагы качкындар лагерлерине жайгаштырылган. Аялдар бир нече жолу тажик бийлигине кайрылып, лагерлердеги шарттар адам чыдагыс экенин айтып, аларды мекенине алып кетүүнү өтүнүшкөн.

Тажикстандын бийлиги 2018-жылы Ирактан 80ден ашык баланы алып келген. Бийлик Сириядагы аялдар менен алардын балдарын алып келүү иштери көбүнүн тек-жайын аныктай турган документтеринин жок экенинен улам создуктурулуп жатканын билдирип келет.

XS
SM
MD
LG