Маалыматка караганда, Ташкент облусунда 1969-жылы төрөлгөн Ю.Ж. аттуу жаран Өзбекстанда оор кылмыштарды жасаганы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн.
Коопсуздук комитети ал кайсы өлкөдөн кармалып келгени боюнча так маалымат берген жок. Мекеменин билдирүүсүндө кармалган адам 1998-жылдын башында Чеченстанга барып, иорданиялык Амир Хаттаб түзгөн согуштук лагерде атайын даярдыктан өтүп келгени, андан соң "Түркстан ислам кыймылы" аттуу Ооганстандагы эл аралык террордук топтун катарына кошулганы белгиленген.
"1999-жылы январда ал уюмдун лидерлеринин көрсөтмөсү менен Ташкентке келип, колунда бар тургундардын үйлөрүн тоноп, алынган акчаны жана баалуу буюмдарды Ооганстанга жөнөтүп турган. Мындан тышкары ал 1998-2006-жылдары эл аралык террордук уюмдар менен чет өлкөлөрдөгү согуштук аракеттерге катышкан. Учурда ага каршы козголгон кылмыш ишинин алкагында тергөө жүрүп жатат", - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.