Ссылки доступа

Путин Токаевге АЭС салуу жөнүндө кайрадан сунуш киргизди


Казакстан АЭС салуу боюнча чечим кабыл алса, Орусияга көмөктөшүүгө даяр. Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин 30-сентябрда Көкчетоодогу аймак аралык кызматташтык форумунда айтты.

"Орусия биздин өнөктөштөргө, анын ичинде казакстандыктарга да, өзөктүк электр станциясын куруу, пайдалануу боюнча өз жардамын сунуштайт. Кеп республикада орус үлгүсүндөгү АЭС салуу гана эмес, бул тармакты калыптандыруу жөнүндө да болуп жатат. Анын ичинде атом энергетикасына адистешкен кадрларды орусиялык окуу жайларда окутуу да бар", - деди Владимир Путин.

Ал абанын булганышында АЭСтин таасири “өтө төмөн” экенин билдирип, орусиялык адистер жаңы технологияларды колдонуу менен атмосферага зыяндуу калдыктарын аз чыгышына күч жумшап жатканын белгиледи.

Орусия буга чейин да Казакстанда АЭС салуу маселесин бир нече ирет козгогон. 2019-жылы апрелде Владимир Путин Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолуккан учурда Казакстанда “орусиялык технология” менен АЭС салуу тууралуу сунушун айткан.

Бул маалымат Казакстанда ири резонанс жаратып, калк сунушту сындаган. Өлкөдөгү нааразылык акцияларында башка ураандар менен катар “АЭС салынбасын!” деген талаптар жаңырган. Казак коомчулугу “өлкөгө салынган АЭС аварияга учураса эмне болот?” деп кооптонгон. Көп өтпөй Токаев калктын пикири эске алынбай, АЭС салуу жөнүндө чечим чыкпай турганын айткан.

XS
SM
MD
LG