Ссылки доступа

Тажик журналисти Хикматулло Сайфуллозода түрмө ооруканасында кол салууга кабылды


Тажикстанда тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу партиясынын” мүчөсү жана журналист Хикматулло Сайфуллозода түрмө ооруканасында кол салууга кабылды.

Окуя өткөн аптада Вахдат колониясында болгон. Туугандарынын айтымында, соттолгондордун бири түнчүндө оппозиционерди чоюн чайнек менен башка чаап жиберген.

70 жаштагы Хикматулло Сайфуллозодага 16-июнда жүрөгүнө операция жасалган жана ал ошондон бери түрмөнүн ооруканасында жаткан.

Вахдат колониясынын кызматкерлеринин бири анонимдүүлүк шарты менен журналисттин башы жарылганын тастыктады. Ага кол салган Аслиддин Турсунов он күнгө карцерге камалды.

Тажикстан Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгы оппозиячыл саясатчынын кол салууга кабылышы боюнча комментарий бере элек.

9-сентябрда "Чек арасыз кабарчылар" (RSF) уюму Тажикстан бийлигин Хикматулло Сайфуллозоданы мунапыс менен эркиндикке чыгарууга чакырган.

"Ислам кайра жаралуу партиясынын" мурдагы мүчөсү жана партияга караштуу "Нажот" гезитинин башкы редактору Хикматулло Сайфуллозода 2016-жылы июнда 16 жылга эркинен ажыратылган. 2015-жылы тажик бийлиги аталган партиянын жетекчилигин өлкөнүн коргоо министринин мурдагы орун басары Абдухалим Назарзоданын аскердик козголоң жасоо аракетине тиешеси бар деп айыптаган. Партиянын жетекчи курамындагы бардык мүчөлөрү камакка алынып, партия өзү террордук уюм деп табылган. Ислам партиясынын жетекчилиги бардык айыптоолорду четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG