Ссылки доступа

АКШ Конгрессинде Тажикстандагы ооган учкучтарынын маселеси козголду


АКШнын коргоо министри Ллойд Остин АКШга же башка үчүнчү өлкөгө чыгып кетүүнү күтүп жаткан Тажикстандагы ооган учкучтарынын жана аскер кызматкерлеринин тагдырына тынчсыздануусун билдирди.

Учкучтарды Ооганстанда америкалыктар окуткан. Алардын арасында кош бойлуу аял да бар жана жакында көз жарат.

“Талибан” бул өлкөдө бийликти басып алгандан кийин 143 ооган учкучу жана аскер кызматкери Тажикстанга качып келген жана жергиликтүү университеттин жатаканасына жайгаштырылган. Андан соң аларды Тажикстандын тоолуу аймагындагы санаторийлердин бирине которушкан.

Ллойд Остин бул тууралуу АКШ Конгрессинин Куралдуу күчтөр боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Тажикстан бийлиги бул маселе боюнча комментарий берүүдөн баш тартып келет.

Өткөн аптада Reuters агенттиги учкучтардын бир нечесине шилтеме берүү менен аскер кызматкерлерин тоодогу курортто кармап турушканын, алар келечеги үчүн кооптонуп жатышканын жазган.

Республикалык партиядан депутат Остин Скотт Пентагондун башчысынын билдирүүсүнө комментарий берип жатып, Тажикстандан учкучтарды алып кетүү кечиктирилип жатканына нааразы экенин айтты.

“Тажикстанда тогуз айлык боюнда бар аял учкуч бар. Биз аны Тажикстандан алып кетүү маселесин чечишибиз керек”, - деди Скотт. Ага жооп иретинде Ллойд Остин бул маселени карап чыгарын жана Мамлекеттик департаментке аны чечүүнү сунуштарын белгиледи.

Учурда Ооганстанды бийлеп жаткан “Талибан” мурдагы өкмөткө кызмат кылууга ант берген бардык аскер кызматкерлери иш ордуна кайтып келсе боло турганын, алардын өмүрүнө коркунуч жаралбастыгын билдирген. Бирок талибдердин айткандарына ишенбегендер арбын.

Буга чейин Тажикстандагы айрым ооган аскер кызматкерлери Канададан башпаанек сураган.

XS
SM
MD
LG