Ссылки доступа

Нур-Cултанда Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылгандар кармалды


Казакстандын баш калаасы Нур-Cултанда 1-октябда Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылып акцияга чыккан сегиз адамды полиция кармап кетти.

Окуяны чагылдырып жаткан "Азаттыктын" казак кызматынын журналисттерине полиция тоскоолдук жаратууга аракет кылды. Алар акциянын катышуучуларын кандай себеп менен кармап, кайда алып баратышканын түшүндүрүшкөн жок.

Маалыматтарга караганда, 1-октябрда Казакстандын баш калаасында Кытай элчилигинин жаңы имаратынын ачылышы өтмөк. Бул тууралуу расмий эч жерде айтылган эмес.

Кытайдын Шинжаң районунда камалып жаткан туугандарын бошотууну талап кылгандар он күн мурда Алматыдан келип, ошондон бери элчиликтин алдында акция өткөрүп жатышкан. Алар элчи Чжан Сяонун дагы кызматтан кетүүсүн талап кылышууда. 23-сентябрда акциянын катышуучуларын полиция кармап кетип, бир күндөн кийин айып пул салып бошоткон.

Туугандары Шинжаңда негизсиз кармалып жатканын айткандар буга чейин 200 күн Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдына чыгышкан. Бул убакыт ичинде кытайлык дипломаттардын бири да алар менен жолуккан эмес.

Расмий Бээжин билдиргендей, нааразылыкка чыгып жаткандардын Шинжаңдагы туугандары "мамлекеттин мыйзамдарын бузганы үчүн жазасын өтөп жатышат".

Эл аралык уюмдар бир нече жылдан бери Кытайда жүз миңдеген мусулмандар, анын ичинде уйгур, казак жана кыргыздар "саясий тарбиялоочу лагерлерде" камалып, ар кандай кыйноолорго дуушар болуп жатышканын билдирип келет. Бээжин мындай дооматтарды четке кагып, ал жайларды "кесиптик билимге үйрөтүүчү борборлор" деп атап жүрөт.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG