Ссылки доступа

АКШ дүйнө жүзүндөгү журналисттерди коргойт


АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен үч жыл мурда Сауд Арабиясынын Стамбулдагы консулдугунун имаратында өлтүрүлгөн журналист Жамал Хашоггини эскерген билдирүүсүн жарыялады. Бул тууралуу "Америка үнү" басылмасы кабарлады.

"Кошмо Штаттар ар дайым дүйнөдөгү бардык адамдардын жазадан же зыян тартуудан коркпостон өз жарандык укуктарын ишке ажырууга мүмкүндүгү болушу керек деген принципти коргойт", – деп жазылган билдирүүдө.

Быйыл февралда Конгресске Хашоггинин өлүмү боюнча тергөөнүн материалдары жөнөтүлгөндөн кийин АКШ мындай окуялардын алдын алуу үчүн кадамдарды жасай баштаган.

"Биз өкмөттөрдүн өлкө сыртында жүргөн журналисттерге, активисттерге жана диссиденттерге кол салуусун болтурбоо жана аларга реакция кылуу боюнча аракеттерди координация кыла баштадык. Мындан тышкары биз Хашогги деп аталган америкалык визаларды берүүнү чектөө боюнча глобалдык саясатты иштеп чыктык. Ага ылайык, Кошмо Штаттар дүйнөнүн кайсыл жеринде болбосун журналисттерди, активисттерди же диссиденттерди куугунтуктоого тиешеси бар адамдарга берилген визаларды кайра чакыртып ала алат", — деп билдирди Блинкен.

Буга чейин Мамлекеттик департамент өлкө сыртындагы диссиденттерди куугунтуктоого, анын ичинде Хашоггини өлтүрүүгө тиешеси бар Сауд Арабиясынын 76 жаранына визалык чектөө киргизген.

"Президент Байден өлкөнүн тышкы саясатында адам укуктары негизги орунда турарын ачык айтты... Адам укуктарын коргоо — Американын улуттук кызыкчылыктарына түздөн-түз жооп берет жана биздин улуттук коопсуздугубузду бекемдейт. Кошмо Штаттар журналисттер, активисттер жана диссиденттер кайда гана болбосун өз ишин коопсуз шарттарда аткарышына көз салып туруу үчүн бардык ылайыктуу ыкмаларды колдонот, — деп кошумчалады Блинкен.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG