Ссылки доступа

Казакстанда 15 жыл абакта отуруп чыккан акындын жакындары билдирүү жасады


Казакстанда 1-октябрда 15 жыл камакта отургандан кийин эркиндикке чыккан диссидент-акын Арон Атабектин жакындары кайрылуу жасашты. Кайрылуу акындын кызы Айдана Айдархандын "Фейсбук" баракчасына жарыяланды.

Анда алар Казакстандын бийлигин сындап, соттолгон диссидентти "алдоо жолу менен ооруканадан учакка отургузуп, шашылыш түрдө" Алматыга жөнөтүп жиберишкенин белгилешкен.

"Биз эмнеге Аронго "буюмдарын" учакка алып алууга мүмкүндүк берилбегенин билбейбиз. Азыр анын түрмөдөгү кол жазмалары салынган чоң сумканын каякта экени белгисиз", — деп жазылган кайрылууда.

Атабектин жакындарынын айтымында, акын бир нече жолу, анын ичинде аны эркиндикке чыгаруу тууралуу өкүм чыгарган Павлодар шаардык сотунда да "ден соолугуна байланыштуу" бошотулушуна каршы экенин айткан.

Арон Атабек көп жылдардан бери шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарууну өтүнбөй, абактан толук акталганда же 18 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин гана чыгарын билдирип келген.

"Арон Атабек биринчи кезекте тез арада кымбат баадагы дарыланууга жана "Шанырак иши" боюнча толук акталууга муктаж. Ага тагылган айыптоолор ойдон чыгарылган. Аны менен чогуу Ерганат Тараншиев, Рустем Туяков жана Курмангазы Утегенов деген адамдар да узак жылдарга түрмөгө камалышкан. Арон шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууну да, "ырайм берүүнү" да суранган эмес. Ал алардын баарын толук актоону өтүнгөн", — деп жазылган акындын жакындарынын кайрылуусунда.

1-октябрда Павлодар шаардык №2 сот Арон Атабектин ден соолугуна байланыштуу анын өтөп бүтө элек жаза мөөнөтүн бир жылдык пробациялык көзөмөлгө алмаштырган. Акын ошол эле күнү кечинде жүргүнчү ташыган учак менен Алматыга жеткирилген.

"Алсырап калган Атабекке азыр ден соолугун калыбына келтирип алууга убакыт керек. Ал ата мекендик медицинага ишенбей жатат. Биринчи кезекте жакшы клиникага барып, аны дарылоо боюнча сүйлөшүү зарыл", — деп жазылган кайрылууда.

Арон Атабек 2006-жылы болгон Шанырак окуялары боюнча 18 жылга соттолуп, 15 жыл түрмөдө отуруп чыкты. Быйыл февралда Европа парламенти Казакстандагы адам укуктарынын абалы тууралуу резолюция кабыл алып, Нур-Султанды өлкөдөгү саясий туткундарды, анын ичинде Атабекти бошотууга чакырган.

Казакстандын бийлиги өлкөдө саясий туткундар бар экени тууралуу билдирүүлөрдү четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG