Ссылки доступа

Укук коргоочу Валентина Чупик Арменияга учуп кетти (видео)


Укук коргоочу Валентина Чупик Москванын Шереметьево аба майданында кармалып турган жеринен бошотулду. Бул тууралуу "Азаттыктын" орус кызматына укук коргоочунун жардамчысы Александр Ким билдирди.

Анын айтымында, Чупик Өзбекстандын жаңы паспортун алып, Арменияга учуп кетти.

Орусиядагы мигранттардын укугун коргоп келген Валентина Чупик өткөн ишембиге караган түнү Армениядан Москвага учуп келгенде кармалган. Анын айтымында, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү ал 17-сентябрда качкын макамынан ажыраганын жана ага Орусияга кирүүгө 30 жылга тыюу салынганын билдиришкен.

Укук коргоочу 2006-жылы Өзбекстандан качып чыгып, Орусияда качкын макамы менен жашап жүргөн. Ал эгер Өзбекстанга депортациялана турган болсо, ал жакта абакка кесилиши мүмкүндүгүн, керек болсо абакта өлтүрүлүшү ыктымалдыгын айткан.

XS
SM
MD
LG