Ссылки доступа

Pandora Papers: Назарбаевдин бейрасмий жубайы $30 млн. тапкан


OCCRP уюмунун иликтөөсүнө vlast.kz сайты да катышкан

"Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору" (OCCRP) Казакстан президентинин бейрасмий жубайы Асель Курманбаева жашыруун офшордук келишимден 30 миллион доллар пайда тапканын аныктады. Иликтөөдө келишимге дагы эки олигархтын тиешеси бар экени айтылат.

3-октябрда Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциуму жарыялаган жаңы документтер дүйнө жүзүндөгү ондогон мурдагы жана азыркы лидерлер байлыгын офшордук аймактарга жашырганын ашкерелеген.

Асель Курманбаева жана "Улут лидери" жеке мамилелерин эч качан четке кагып же тастыктаган эмес. Анын Назарбаевдин "токолу" экени жөнүндө маалымат "Мисс Казакстан" сулуулар сынагын жеңип алгандан кийин тарай баштаган. Курманбаеванын эки баласы Нурсултан уулу деген фамилияга ээ. Иликтөөнүн авторлору Казакстанда фамилиянын ордуна атасынын атын жазуу кадыресе көрүнүш экенин белгилешкен.

OCCRP билдиргендей, Курманбаева – Казакстандагы мамлекеттик эки бий институтунун көркөм жетекчиси жана балет менен улуттук бий тармагындагы бир нече фирмалардын, фонддордун ээси.

Иликтөөчү журналисттердин тапкан маалыматына ылайык, 40 жаштагы Курманбаеванын Британиянын Виргин аралдарындагы бир офшордук компанияда үлүшү болгон. Бул компаниянын кандайдыр бир олуттуу бизнес же иш менен алектенгени байкалган эмес. Бирок Курманбаева бул офшордук компаниядагы үлүшүн 30 миллион долларга сата алган. Жаңы документтер тууралуу Назарбаев да, Курманбаева да жана аты аталган олигархтардын жакындары да комментарий беришкен эмес.

"Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору" (OCCRP) жазгандай, бул келишимге экс-президентке жакын Владимир Ни жана Владимир Ким аттуу олигархтардын тиешеси болгон.

Иликтөөчү журналисттердин эл аралык консорциумунун колуна офшордук кызмат көрсөткөн 14 фирмадан алынган 12 миллиондой документ тийген. Дүйнөдөгү 35 азыркы жана мурдагы лидерлерден тышкары бул документтердин арасында 91 өлкөдөгү 330дан ашуун саясатчынын жана мамлекеттик кызматкердин жашыруун финансылык ишмердиги тууралуу маалымат бар.

2016-жылы "Панама барактары" долбоору да дүйнөдөгү ондогон аткаминердин офшордук компаниялар менен көмүскө кызматташтыгын ашкерелеген болчу.

Видео

Видео

Бир класста 40 окуучу. Жаңы конуштардын мектеп көгөйү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:22 0:00
XS
SM
MD
LG