Ссылки доступа

Тажикстанда үй-бүлөсүнүн өлүмүнө себепчи болгон кишиге өкүм чыкты


Тажикстандын Пенжикент шаарынын тургуну Лазиз Журазода беш жылга түрмөгө кесилди. Маалыматка караганда, ал жубайын жана балдарын суицидге жеткирүүгө айыпталган.

Лазиз Журазоданын адвокаты ага мунапыс жөнүндө мыйзам жарым-жартылай колдонулушу ыктымал экенин билдирди.

10-апрелде Пенжикент районунун Некнот айылынын жашоочулары аймактагы көлдүн жээгинде бакка асылган үч бала менен аялдын сөөгүн табышкан.

Бул 32 жаштагы Шахло Шарипова жана анын үч баласы – 6 жашар Мухаммаджон, 4 жашар Шахноза жана сегиз айлык Амина болгон. Кийинки күнү милиция кызматкерлери үй-бүлөнүн кожоюну Лазиз Журазоданы кармашкан.

ИИМ тараткан билдирүүдө аял үй-бүлөлүк жаңжалдан кийин балдарын алма бакка жоолук менен асып таштаганы, андан соң өзү да асынып өлгөнү айтылган.

Некнот айылынын тургундары маркум Шахло Шарипова Душанбеде туулуп өскөнүн, бир нече жыл мурун Журазодага турмушка чыкканын билдиришкен. Жергиликтүү тургундар аларды кадимки үй-бүлөлөрдүн бири катары сыпатташкан.

XS
SM
MD
LG