Ссылки доступа

Талибдер ооган-тажик чек арасында бир качкынды өлтүрүштү


"Талибандын" жоочулары ооган-тажик чек арасынан өтүүгө ниеттенген качкындардын бирин атып өлтүрүштү. Бул тууралуу "Озоди" радиосу Ооганстандын Бадахшан облусу менен чектешкен Ишкашим районундагы өз булактарына шилтеме кылып кабарлады.

Маалыматка караганда, талибдер Хожи Бобо аттуу дагы бир качкынды кармап, алып кетишкен.

Бул боюнча "Талибан" кыймылынын өкүлдөрүнөн жана Ишкашим районунун бийлигинен маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Булактын маалыматына караганда, Тажикстандын Ишкашим району менен чектешкен аймакта Ооганстандын түндүк провинцияларынан келген 2 миңге жакын качкын бир айдан бери топтолуп турушат. Тажик чек арачыларына аларды өлкө аймагына өткөрбөө буйругу берилген.

2-октябрда "Озоди" радиосу менен байланышкан ооган качкындарынын бири "Талибан" тажик чек арасына жакын жерде топтолуп турган адамдардан үйлөрүнө кайтууну талап кылганын, болбосо аларды катаал жаза күтүп турганын эскерткенин билдирген.

"Жоочулар адамдарды чогултуп, Кабулга кайтып баргыла деп коркутуп жатышат. Алар качкындардын арасынан панжшерликтерди издеп жатышат: бир кишини мурда аскер кызматкери болгон жана Панжшерде туулуп өскөн деген шек менен кармап кетишти", — деген ал.

Анын айтымында, жоочулар ошондой эле жакында бул аймакка "Талибандын" жаңы күчтөрү жайгаштырыла турганын билдиришкен. "Менин оюмча, ал күчтөр качкындарды тажик чек арасынан алып кетүү иши менен алектениши мүмкүн", — деп кошумчалаган ал.

XS
SM
MD
LG