Ссылки доступа

Өзбекстанда эки журналист 15 суткага камалды


1-октябрда Taftish.uz интернет басылмасынын эки журналисти Бобур Ганиев менен Аброр Козубаев 15 суткага административдик камакка алынганы белгилүү болду.

Сот аларды ички иштер органдарынын кызматкерлерине акарат келтирүүгө, алардын мыйзамдуу талаптарын аткарууда баш тартууга жана каршылык көрсөтүүгө айыптуу деп тапты.

Мындан тышкары Бобур Ганиев 5400000 сум (500 доллар), Аброр Козубаев 270 000 сум (25 доллар) айып пул төлөөгө милдеттендирилди.

30-сентябрда "Коопсуз шаар" иш-чарасынын алкагында Ташкент шаарынын Үчтепе районунда Жол кыймылынын коопсуздугу башкармалыгынын инспекторлору Epica автоунаасын токтотушкан жана "блогер Аборор" аты менен таанымал Аброр Козубаевди, автоблогер Бобур Ганиевди, ошондой эле алардын таанышы Обид Салимовду кармашкан.

Ташкент шаардык ички иштер башкармалыгы документтерди текшерүү учурунда Бобур Ганиев инспекторлорго акарат келтирип, алардын мыйзамдуу талабына баш ийбей, коомдук тартипти бузганы айтылат. Мындан тышкары Ганиевдин телефонунан порнографиялык мүнөздөгү видеоматериалдар жана сүрөттөр табылганы белгиленген. Кармалгандар Үчтепе райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген.

Журналисттердин кесиптештери ички иштер бөлүмүндө алар басмырланганын, кесиптик ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратуу үчүн жалган айып тагылганын айтышууда.

XS
SM
MD
LG