Ссылки доступа

Тажик бийлиги оппозиционер Рахматулло Раджабга түрмөдө кол салуу болгонун четке какты


Тажикстан Юстиция министрлигинин Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын башчысы өлкөдө тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу партиясынын” мүчөсү Рахматулло Раджабга бычак менен кол салуу болгону жөнүндө маалыматты четке какты.

“Соттолуучунун туугандары жана жакындары аны менен колонияда жолугушуп, тирүү жана саламаттыгы жайында экенин көрүшсө болот”, - деди ал.

Рахматулло Раджабдын туугандарынын бири колонияга барганын, бирок аны менен телефон аркылуу гана сүйлөшкөнүн айтты.

“Ал ар бир сөзүн тандап, өтө кылдаттык менен сүйлөдү. Аны кимдир бирөө аңдып тургандай таасир калды. Ал эч кандай кол салуу болбогонун, саламаттыгы жайында экенин билдирди. Бирок биздин жан дүйнөбүз тынч эмес”, - деди ал.

2-октябрда айрым басылмалар өз булактарына таянуу менен Вахдат колониясында диний партиянын мүчөсү Рахматулло Раджабга кол салуу болгонун маалымдашкан.

Рахматулло Раджаб 28 жылга түрмөгө кесилген. 2015-жылдын сентябрь айында тажик бийлиги “Ислам кайра жаралуу партиясынын” жетекчилигин ошол кездеги коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзоданын куралдуу козголоңуна катышы бар деп айыптаган. Диний партиянын белдүү мүчөлөрүнүн баары камалган, партия террордук уюм деп таанылган. “Ислам кайра жаралуу партиясы” козголоңго тиешеси бар экенин четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG