Мындан тышкары пенсияга чыгууну кийинкиге калтыруу ыкмасын киргизүү каралууда: карыган кишилер пенсия курагына чыкканда кийин да, кааласа иштей алышат. Иш берүүчүгө айлык акынын 5% Пенсия фондуна төлөөнү милдеттендирүү сунушталууда. Буга жооп иретинде ишкерлерге салыктан жеңилдик берилет.
Ушул тапта пенсияны реформалоо долбоору мамлекеттик органдар менен макулдашылууда.
Долбоордун авторлору жаңы пенсия системасы "ардактуу эс алууга чыга турган казакстандыктардын материалдык абалын жакшырат" деп эсептешет. Алар пенсиянын минималдык көлөмү тиричилик минимумунан алып караганда 54 пайыздан 70 пайызга көбөйөрүн билдиришүүдө. Бул каражатты аз деп эсептеген кишилер ардактуу эс алууга чыкпай, иштей беришсе болот.
Бул реформалардын баары Казакстанда нааразылык акциялары көбөйгөн маалга туш келди. Буга чейин Нур-Султан шаарынын жашоочулары Эмгек министрлигине барып, аялдардын пенсия курагын мурдагыдай 58 жашка чейин кыскартууну талап кылышкан. Азыркы мыйзамдар боюнча пенсия курагы жыл сайын алты айга көбөйүп турат. 2027-жылга карата аялдар менен эркектердин пенсия курагы теңелип, 63 жашты түзөрү күтүлүүдө.
Расмий маалыматтар боюнча Казакстанда эки миллиондон ашуун пенсионер бар.