Мындай баракчалар дүкөндөрдө, коомдук транспорттордо, билим берүү мекемелеринде жана башка жайларда пайда болду.
Шаар администрациясы бул мамлекеттик тилди колдоого алган челленж экенин билдирди.
Өлкөдө өзбек тили расмий тил деген макамга ээ. Орус тилинде мындай статус жок. Өзбекстандын "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамынын 9-беренесине ылайык, мамлекеттик бийлик органдарында иш кагаздары өзбек тилинде жүргүзүлөрү, керек учурда башка тилдерге которулары белгиленген.
2021-жылы июнда Өзбекстан парламентинин жогорку палатасы мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясын кабыл алган. Муну менен кошо Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекске өзгөртүүлөр киризилген. Анда иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзбөгөн кызмат адамдарына айып пул салуу каралган.