Ссылки доступа

Ооганстандык кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирилди


Ооганстандык кыргыздарга 55 тонна ун, 14 тонна күрүч, 7 тонна кесме, 400 литр өсүмдүк майы, 5 тонна туз жана 10 тонна кумшекер жеткирилди. Жардам мамлекет башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жеткирилгенин президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, жеткирилген азык-түлүк памирлик кыргыздарга бөлүштүрүлдү.

Памир кыргыздары — 1575-1930-жылдар аралыгында Ооганстанга туруктуу жашоого кеткен кыргыздардын тукуму. Алар катаал, билим алуу менен ден соолукту чыңдоого шарт жок Чоң жана Кичи Памир тоолорун байырлайт.

Азыркы учурда Памирде жашагандардын жалпы саны 1,5 миңге чамалайт. 2019-жылдын 23-декабрында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келген. 2017-жылы Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатаканага жайгаштырылган. Кийинчерээк бир нечеси Ооганстанга кеткен бойдон кайтып келген эмес.

XS
SM
MD
LG