Ссылки доступа

Душанбенин 18 жаштан ашкан тургундарынын баары COVID-19га каршы вакцина алды


Душанбедеги бейтапкана. 5-октябрь 2021-жыл
Душанбедеги бейтапкана. 5-октябрь 2021-жыл

Тажикстандын Саламаттык сактоо жана социалдык коргоо министрлиги Душанбенин 18 жаштан ашкан тургундарынын баары (кош бойлуу жана тубаса оорусу барларынан башкасы) COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөнүн билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, борбор шаарда коронавируска каршы эмдөө иштери 100,4% аткарылып, алгач болжолдонгон 626 миң тургундун ордуна 628 кишиге вакцина сайылган.

"Буга шаардыктардын саны көбөйгөнү себеп болушу мүмкүн. Анткени Рудаки районунун бир катар айылдары Душанбеге кошулгандан кийин шаар тургундары 250 миң кишиге көбөйдү", — деди министрликтин Эпидемиологиялык коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Навруз Жафаров.

"Озоди" радиосунун сурамжылоосуна катышкан Душанбенин 28 жашоочусунун 18и коронавируска каршы вакцина алганын ырасташты. Бешөө эмдөөдөн өтпөгөнүн айтса, экөө тубаса оорусуна байланыштуу, үчөө вакцинанын ыктымал зыяндарынан чочулап эмделбегенин билдиришти.

Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги 25-июлда Душанбенин 18 жаштан ашкан бардык тургундарын коронавируска каршы вакцина алууга чакырган.

Ал ортодо соцтүйүн колдонуучулары калкты эмдөө иштери мажбурлоо жолу менен жүрүп жатканына нааразы болууда. Айрым абитуриенттер Душанбедеги жогорку окуу жайлар эмделбеген бүтүрүүчүлөрдүн документтерин кабыл алуудан баш тартып жатышканына даттанышкан.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Тажикстанда 4-октябрга карата 2 398 703 киши коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын алган. Бул эрезеге жеткен өлкө тургундарынын 41,2% түзөт. Вакцинанын экинчи дозасы 1 740 682 кишиге сайылган.

XS
SM
MD
LG