Ссылки доступа

Түркмөнстандын калкы президенттин кезектеги китебин сатып алууга милдеттендирилди


Гурбангулы Бердымухамедовдун өлкө Эгемендигинин 30 жылдыгына арналган китеби

Түркмөнстанда президент Гурбангулы Бердымухамедовдун китептерин калк арасына жайылтуу боюнча кезектеги өнөктүк башталды.

Маалыматка караганда, өлкө Эгемендигинин 30 жылдыгына карата басылып чыккан президенттин "Эгемендүүлүк — биздин бактыбыз" аттуу китебин мамлекеттик мекеме-ишканаларда иштеген жарандар жана студенттер сатып алууга милдеттендирилип жатат.

"Азаттыктын" түркмөн кызматынын Лебап облусундагы кабарчысы билдиргендей, жергиликтүү маданият ишмерлерине президенттин китебин мактаган музыкалык чыгармаларды даярдоо тапшырмасы да берилди.

Мындан тышкары облустагы жогорку окуу жайлардын студенттерин президенттин жаңы китебин жаттоого чакырып, аларды кызыктыруу үчүн 100 манаттан (расмий курс боюнча 28,5 доллар) акча берилерин убадалашты.

Мамлекеттик басылмалардын маалыматына караганда, түркмөн, орус жана англис тилдеринде басылып чыккан президенттин жаңы китеби өлкөнүн көз карандысыздыкка ээ болгондон кийинки жетишкендиктерине арналган. Ал Гурбангулы Бердымухамедовдун быйыл жазган экинчи китеби болуп калды. Май айында президент өлкөнүн борбор шаарынын 140 жылдыгына карата "Ак шаар Ашхабад" деген китеп чыгарган.

Бердымухаммедов бийликке келген 15 жылдан бери жалпысынан анын 60тан ашык китеби басылып чыккан. Алардын айрымдары мамлекеттик майрамдар менен окуяларга арналса, башкалары жылкы өстүрүү, түркмөн салттары, килемдер, дары чөптөр сыяктуу темаларда жазылган.

Видео

Видео

Тактазан жайлоосунан кен казуу каршылык жаратты
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:19 0:00
XS
SM
MD
LG