Ссылки доступа

Amnesty International: талибдер Ооганстанда 13 этникалык хазарды өлтүргөн


Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму "Талибан" бийликти басып алгандан эки жумадан кийин Ооганстандагы этникалык азчылыкты түзгөн хазарларга кол салып, он үч киши өлтүрүлгөнү тууралуу баяндамасын жарыялады. Алардын арасында 17 жаштагы кыз да болгон.

Бул окуя 30-августта Дайкунди борбордук провинциясындагы Кахор айылында болгон. Талиб жоочулары качууга аракеттенген эки жайкын тургунду жана Ооганстандын коопсуздук күчтөрүндө кызмат кылган 11 адамды өлтүрүшкөн.

Amnesty International топтогон күбөлөрдүн көрсөтмөсүнө караганда, ооган коопсуздук күчтөрүнүн тогуз кызматкери талибдерге багынып бергенден кийин жок кылынган. Эл аралык укук коргоо уюму мындай аракетти "аскердик кылмыш" деп атады. Amnesty International иликтеген видео жана фото далилдерде катар жаткырылган 11 эркек кишинин башына ок тийгени көрүнүп турат.

"Бул мыкаачылык менен жасалган өлүм жазасы талибдер Ооганстанды мурдагы ыкма менен башкарып жатканын далилдеп турат", - деди Amnesty International уюмунун баш катчысы Агнес Калламард.

Ал Ооганстандын "Талибан" башында турган өкмөтүнө мындай олуттуу кылмыштар жол берилгис экенин айтып, ага катышы бар адамдарды жазалоого чакырды.

Быйыл 15-августта Ооганстандагы бийликти колуна алган "Талибан" кыймылы коопсуздук күчтөрүндө иштеген жана чет элдик аскерлер менен кызматташкан оогандарга мунапыс берип, алар жазага тартылбай турганын убада кылган.

Ооганстандагы хазарлар исламдын шиит агымын тутунган, чоңдугу боюнча өлкөдөгү үчүнчү этникалык топ. Бул этникалык азчылык көптөн бери суннит агымындагы жоочулардын куугунтугуна учурап келген.

XS
SM
MD
LG