Ссылки доступа

Өзбекстанда мурдагы проректорго издөө жарыяланды


Нодир Идиев
Нодир Идиев

Өзбекстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Ташкент мамлекеттик экономикалык университетинин каржы жана экономика боюнча мурдагы проректору Нодир Идиевге издөө жарыялады.

ИИМдин Бухара облустук башкармалыгы билдиргендей, 49 жаштагы мурдагы проректор "алдамчылык жана тергөө менен соттон качуу" шеги менен издөөгө алынды.

Ага Кылмыш кодексинин "Ири өлчөмдө алдамчылыкка баруу" жана "Бир нече жолу кызматын кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айып тагылган.

Облустук ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүндө "Бул кишинин жашаган жерин аныктоого жардам берген жарандын өздүгү сыр сакталары жана акчалай сыйлык берилери" айтылган.

Башкармалыктын башчысы Баходирхожа Шарипов жергиликтүү басылмаларга Нодир Идиев мамлекеттен 2 миллион доллар уурдоого шектелип жатканын кабарлаган.

Ал Ташкент мамлекеттик экономикалык университетинин пророектору болуп 2020-жылы январда дайындалган. Быйыл июль айында эмгек өргүүгө чыккан бойдон жумушка кайтып келген эмес.

Буга чейин ал "Асака банкынын" Бухара аймактык филиалында иштеген жана ушул ишине байланыштуу издөөгө алынган.

XS
SM
MD
LG