Ссылки доступа

RBK банкынын Павлодардагы филиалынын директору балкондон секирип каза болду


Павлодар шаарында RBK банкынын филиалынын директорунун сөөгү табылды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Павлодар облустук полициясынын басма сөз кызматына таянуу менен билдиришти.

Полиция ал "өзүнө өзү кол салганын”, бул боюнча сотко чейинки тергөө амалдары башталганын билдирди.

Тергөөнүн версиясы боюнча 5-октябрь күнү эртең менен 49 жаштагы аял көп кабаттуу үйдүн сегизинчи кабатынын балконунан секирип кеткен.

RBK банкы Павлодардагы филиалынын директору өлгөнү жөнүндө маалыматты тастыктады. Мекеме соцтармактардын колдонуучуларын алдын ала кандайдыр бир бүтүм чыгарбоого чакырды.

Банк окуянын себебин аныктоо үчүн тергөөгө толук жардам берерин билдирген.

Видео

Видео

Бир класста 40 окуучу. Жаңы конуштардын мектеп көгөйү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:08:22 0:00
XS
SM
MD
LG