Ссылки доступа

Ооганстан Тажикстандан электр кубатын берүүнү үзгүлтүккө учуратпоону өтүндү


 Душанбедеги "Барки точик" энергохолдингинин имараты
Душанбедеги "Барки точик" энергохолдингинин имараты

Ооганстандык "Брешно" энергетикалык компаниясы тажик бийлигине кайрылып, өлкөгө электр кубатын жеткирүүнү токтотпоого чакырды. Ооган компаниясы Тажикстанга электр энергиясы үчүн карызын Ооганстанда банк системасы калыбына келгенден кийин которорун билдирди.

Тажикстандык "Барки точик" компаниясы 5-октябрда Ооганстанга электр энергиясын жеткирүү токтотулбаганын кабарлады. Энергохолдинг "Брешно" компаниясы канча каражат карыз экенин айткан жок.

"Талибан" (Тажикстанда жана башка бир катар өлкөлөрдө террордук уюм катары таанылган) Кабулду басып алгандан кийин ооган энергетикалык компаниялары келишимде каралган каражаттарды төлөөдө көйгөйлөргө туш болушкан.

"Озоди" радиосунун "Барки точик" компаниясындагы өз булагы 2021-жылы Ооганстанга 1,5 млрд киловатт-саат электр энергиясын жеткирүү боюнча келишим түзүлгөнүн билдирди.

"Барки точик" ооган компаниясына 1 кВт/с электр кубатын 4,5 центтен сатат.

Буга чейин Тажикстан Ооганстанга электр энергиясын экспорттоону азайтып, аны Кыргызстанга сата баштары айтылган.

Бул арада Тажикстандын Энергетика жана суу ресурстары министрлиги 5-октябрда Кыргызстанга электр кубатын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр жөнүндөгү маалыматка тактоо киргизди. Коңшу өлкө электр кубатын жеткирүү Кыргызстандын өтүнүчүнөн кийин ишке аша баштаганын белгиледи.

1-октябрда энергетика жана өнөр жай министри Доскул Бекмурзаев өлкөгө электр кубаты тажик тараптын сунушу менен бериле баштаганын айткан.

"Бүгүнтөн тартып, Тажикстандан электр энергиясын ала баштадык. Кечээ алар өздөрү телефон чалып, "электр энергия керек болсо берели" деп сунуш кылышкан. Бүгүнтөн тарта күн сайын 1 млн. кВт саат электр энергиясын ала баштадык. Айына 30-50 млн. кВт. саат электр энергиясын алууга мүмкүнчүлүк бар", - деген Бекмурзаев.

XS
SM
MD
LG