Ссылки доступа

Казакстанда Шинжаңдагы жакындарын боштонууну талап кылгандар парламент депутаттарына кайрылуу жолдошту

6-октябрда Нур-Султан шаарында Шинжаңдагы жакындарын бошотууну талап кылып жаткан этникалык казактардын тобу парламент имаратына барып, депутаттардын атына жазылган кайрылуусун тапшырышты.

Мажилистин төрагасы Нурлан Нигматулинге, мажилис депутаты Казыбек Исага жана Сенаттын депутаты Мурат Бахтиярулына жолдонгон кайрылууда алар парламентарийлерди Шинжаңда кармалып турган жакындарын бошотууга жардам берүүгө чакырышкан.

Алматы шаарынан келип, 21-сентябрдан бери Нур-Султанда жүргөн 10 киши буга чейин да ушундай эле өтүнүч менен президенттин администрациясына, Тышкы иштер министрлигине, түрдүү эл аралык уюмдарга жана чет өлкөлөрдүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө кайрылышкан.

"Азырынча булардын эч кимисинен жооп келе элек. Бүгүн экс-президенттин канцеляриясына кайрылуу тапшыралы деп жатабыз. Кытайдагы майрамдарга байланыштуу бул өлкөнүн Нур-Султандагы элчилиги 15-октябрга чейин иштебейт экен. Биз жылуу кийимдерибизди ала келбегендиктен, Алматыга кайтып барсакпы деп турабыз. Эгер кайрылууларыбыздан эч жыйынтык болбосо, Нур-Султанга кайра келебиз", — деди активист Байболат Кунболатулы.

Этникалык казактар сегиз айдан бери күн сайын Кытайдын Алматыдагы консулдугунун алдында нааразылык акциясын өткөрүп келишкен. 21-сентябрдан тартып алар Кытайдын Нур-Султан шаарындагы элчилигинин алдына акцияга чыга башташкан. Андан бери акция катышуучулары эки жолу кармалып, "тынч жыйындарды өткөрүү тартибин бузуу" айыбы менен жалпысынан 2 миллион теңге өлчөмүндө айып пул төлөөгө милдеттендирилген.

Алардын айрымдары жакындары Шинжаңдагы "саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлеринде" кармалып турушканын айтышса, башкалары туугандары негизсиз айыптар менен узак мөөнөттөргө соттолгонун билдиришүүдө. Алардын арасында кытай бийлиги жакындарынын документтерин алып коюп, өлкөдөн чыгарбай жатканына даттангандар да бар.

Быйыл март айында Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен жолуккан кытай элчиси Чжан Сяо консулдуктун алдында акция өткөрүп жаткан адамдардын туугандары Кытайдын жарандары экенин жана алар "өлкө мыйзамдарын бузууга байланышкан аракеттери үчүн жазаларын өтөп жатканын" айткан. Казакстандын Тышкы иштер министрлиги "башка өлкөнүн ички ишине кийлигише албай турганын" билдирген.

Шинжаңда миллиондон ашуун мусулман азчылыгы диний жана этникалык маселеге байланыштуу кодулоого дуушар болгону тууралуу 2018-жылы БУУнун комитетинин баяндамасы чыккан. Эл аралык коомчулуктун басымына карабай, Кытайда уйгур, казак, кыргыз сыяктуу мусулман азчылыктарын кысымга алуу күчөп, "кайра тарбиялоо" лагерлеринин саны 40% өскөнүн австралиялык Стратегиялык саясат институту да изилдеген.

Кытай бийлиги муну четке кагып, лагерлерди "кесиптик даярдоо" жана "экстремизмге каршы күрөшкөн борборлор" деп сыпаттап келет.

XS
SM
MD
LG