Ссылки доступа

Чек ара кызматынын майору маңзат даярдоого жана мамлекеттик сырды бузууга шектелүүдө


"Кадамжай-автожол" көзөмөл-өткөрмө бекетинин мурдагы башчысы, майор Р.Д. мамлекеттик жана аскердик сыр камтылган маалыматтарды сактоо эрежесин бузгандан кийин кызматынан алынды.

Улуттук коопсуздук кызматына караштуу Чек ара кызматы кабарлагандай, бул боюнча кызматтык териштирүү 2021-жылы июль айында жүргөн. Сентябрда Ысык-Көл райондук сотунун чечими менен Р.Д. аттуу аскер кызматкери башка бир кылмыш жасоо шеги менен эки айга камалган. Ал Кылмыш кодексинин 268-беренеси ("Баңгизаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо") боюнча айыпталууда.

Мекеме ушул тапта аталган аскер кызматкерине карата бир нече кылмыш иши боюнча сотко чейинки териштирүү жүрүп жатканын белгиледи.

Маалыматта шектүү кандай мүнөздү камтыган мамлекеттик жана аскердик сырды бузганы айтылган жок. "Кадамжай автожол" көзөмөл-өткөрмө бекети Баткен облусунун Кадамжай районунда – Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG