Ссылки доступа

Тажикстанда саясий туткундардын туугандары эл аралык уюмдардан жардам сурашты


Тажикстанда тыюу салынган “Ислам кайра жаралуу партиясынын” соттолгон мүчөлөрүнүн туугандары алардын өмүрү коркунучта деп эсептешет.

6-октябрда Махмадали Хаит, Рахматулло Ражаб, Зубайдулло Розик, Хикматулло Сайфуллозода жана Сайдумар Хусайнинин жакындары Эл аралык Кызыл Чырым Комитетине, ЕККУнун Тажикстандагы өкүлчүлүгүнө, БУУнун өкүлчүлүгүнө жана АКШнын Душанбедеги элчилигине кайрылышып, тажик саясий туткундарынын тагдырына кайдыгер карабоону өтүнүштү.

Каттын авторлору бир нече ай мурун диний партиянын төрагасынын мурдагы орун басары Махмадали Хаиттин камерасына киши өлтүргөн адамдын киргизилгенин, партия гезитинин мурагы башкы редактору Хикматулло Сайфуллозода катуу сабалганын, партиянын саясий кеңешинин мурдагы мүчөсү Рахматулло Ражаб коркутуп-үркүтүүгө кабылганын белгилешкен.

Каттын авторлору Эл аралык Кызыл Чырым комитетине Тажикстан түрмөлөрүн кыдырып, туугандарынын ал-абалы менен таанышып, соттолгондордун жашоо шартын, тамак-ашын жана колониядагы иче турган суунун сапатын көрүп чыгууну сурашты.

Эл аралык уюмдун Тажикстандагы өкүлчүлүгү кайрылуу боюнча азырынча комментарий бере элек.

“Ислам кайра жаралуу партиясынын” төрагасынын мурдагы орун басары Махмадали Хаит менен Саидумар Хусайни өмүр бою эркинен ажыратылган, уюмдун башка жетекчилери жана активисттери узак убакытка түрмөгө соттолгон.

”Ислам кайра жаралуу партиясына ”2015-жылы, мурдагы коргоо министринин орун басары Абдухалим Назарзода уюштурган козголоңдон кийин расмий тыюу салынган. Партия өкүлдөрүнө бийликти басып алуу пландарына тиешеси болгон деген айып коюлган. Кыймылдын жүздөн ашуун тарапташтары кармалып, ондогон өкүлдөрү эркинен ажыратылган. Жогорку сот партияны террордук уюм катары таануу жөнүндө чечим чыгарган. Партиянын лидери Мухиддин Кабири бул айыптардын баарын четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG