Ссылки доступа

Беларуста атайын кызматкердин өлүмү жөнүндө соцтармактарда пикир жазган 136 киши кармалды


Беларуста Андрей Зельцер менен Мамлекеттик коопсуздук кызматынын өкүлүнүн кайтыш болгонуна байланыштуу соцтармактарда пикир жазган 136 киши кармалды.

"Беларустун тергөө комитети" деп аталган телеграм-каналдын кабарлашынча, кармалган 136 кишиге мамлекеттик кызматкерлерге акарат келтирди жана жек көрүүчүлүктү козутту деген айып тагылды. Азыр алардын баары камакта.

30-сентябрда ушундай эле айып менен 50 киши кармалган. Алардын баары атышуу учурунда каза тапкан 31 жаштагы IT-компаниянын кызматкери Андрей Зельцер менен атайын кызматтын офицери жөнүндө видеого пикир калтырышкан.

Бул видео соцтармактарга 28-сентябрда жарыяланган. Окуяга байланыштуу Беларус бийлиги Зельцер укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө ок аткан деген божомолун билдирген. Атайын кызматтын өкүлдөрү терроризм шеги боюнча анын батиринде тинтүү жүргүзүшкөн.

Пикир калтырган колдонуучулар бул видеонун реалдуулугунан күмөн санашкан. Чет өлкөдө качып жүргөн оппозиция өкүлү Валерий Цепкало окуяга Александр Лукашенконун режимин айыптаган. Бул үчүн Цепкалого кезектеги кылмыш иши козголгон.

Видео

Видео

Нарын: карды жөө таптап, лыжа тепкен окуучулар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:05:13 0:00
XS
SM
MD
LG