Ссылки доступа

Сенатор Сафаев: Өзбекстан АКШ менен аскердик базалар боюнча сүйлөшүү жүргүзгөн жок


Олий Мажлис Сенатынын спикеринин орун басары Садык Сафаев Өзбекстан НАТО күчтөрүнө аскердик базаларын берүү боюнча АКШ менен сүйлөшүүдөн баш тартканын айтты. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлашты.

Сенатордун айтымында, Өзбекстандын расмий адамдары мындай диалог жүргүзүүгө укугу жок, себеби мыйзам жол бербейт. Азырынча АКШнын аткаминерлери Ташкент менен бул маселе боюнча байланышкан-байланышпаганы белгисиз.

Буга чейин The Wall Street Journal АКШ Борбор Азиядагы орусиялык базаларды чогуу колдонууга кызыктар экенин жазган. Басылма аталган маселе АКШ армиясынын штаб башчыларынын бириккен комитетинин жетекчиси Марк Милли менен Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Валерий Герасимовдун 22-сентябрда Хельсинкидеги жолугушуусунда көтөрүлгөнүн белгилеген.

XS
SM
MD
LG