Ссылки доступа

Казакстанда HOLA News сайты ачылбай калды


Казакстанда HOLA News жаңылыктар порталы ачылбай калды. Басылманын редакциясы бейшембиге караган түнү тараткан маалыматта сайт 48 сааттан бери ачылбай жатканы жазылган. Редакция сайтка чабуул жасалган болушу ыктымал деп эсептейт. Бул тууралуу КазТАГ агенттиги жазды.

"HOLA News сайтынын бөгөттөлгөнүнө 48 саат болду. Сайт Казакстандагы бардык ири провайдерлер: "Казактелеком", Kcell, Beeline, TELE2 жана башкалар аркылуу ачылбай калды. Сайт сервери Казакстан мыйзамдарына шайкеш Казакстан аймагында болгондуктан, чет өлкөлүк окурмандар да сайтка кире албай калышты" деп айтылган маалыматта.

Сайтка хостинг кызматын көрсөткөн PS.kz интернет компаниясы кызматын токтотпогонун, маселе байланышты камсыздаган провайдер тарабынан жаралганын кабарлаган. Байланыш операторунан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Бир нече колдонуучулар сайт VPN (виртуалдуу жеке түйүн) аркылуу да ачылбай жатканын билдиришти.

Адистер сайт DPI-бөгөттөөгө (Deep Packet Inspection, сөзмө сөз которгондо “тармак пакеттерин терең анализдөө” ) кабылган болушу ыктымал.

Редакция өз билдирүүсүндө дайыма мыйзам чегинде иш алып барганын жана коомдогу олуттуу маалыматтарга калктын көңүлүн буруп келгенин билдирген. Ошол эле маалда акыркы бир нече жумада сайт бир нече жолу ар кыл чабуулга кабылганын белгилеген.

XS
SM
MD
LG