Ссылки доступа

Тажикстанда балдарга мыйзамсыз диний билим бергендер үчүн кылмыш жазасы киргизилет


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстандын бийлиги мыйзамсыз диний билим бергендерге карата жазаны күчөтүүдө.

6-октябрда өлкө парламентинин төмөнкү палатасы Кылмыш кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү жактырды. Ага ылайык, мыйзамсыз, анын ичинде Интернет аркылуу диний билим бергендер үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Кодекстин азыркы редакциясында мыйзамсыз диний билим берүү үчүн 48 миң сомониден 72 миң сомониге чейин айып пул төлөтүү жазасы каралган.

"Жүргүзүлгөн изилдөөлөргө ылайык, радикалдуу топтор менен уюмдарга кошулуп кеткен жаштардын 95% баштапкы билимин жеке диний мектептерден алган. 2019-2020-жылдары жана быйылкы жылдын алгачкы тогуз айында мыйзамсыз диний билим берген 1833 учур аныкталды", — деди депутаттарды өзгөртүүлөр менен тааныштырган өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары Нусратулло Мирзоев.

Анын айтымында, балдарга мыйзамсыз диний билим берүү менен алектенгендердин арасында - 43 имам-хатиб, 983 бейрасмий диний ишмер, 32 педагог жана 17 студент болгон. Алар окуучуларынан 200дөн 5 миң сомониге чейин алып келишкен. Мындан тышкары балдарын жеке диний мектептерге берген 33 ата-эне административдик жазага тартылган.

Тажикстанда 2016-жылы бардык жеке диний мектептердин ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Бийлик бул чечимин радикализм жана экстремизм коркунучу менен түшүндүргөн.

2011-жылы тажик бийлиги мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизип, ага ылайык, жарандар чет өлкөлөрдө бийликтин уруксаты менен гана диний билим алууга укуктуу болуп калышкан.

Мурдараак тажик президенти Эмомали Рахмон чет өлкөлөрдөгү медреселерде билим алган тажикстандыктар «молдо эмес, террорчу болуп чыгарын» айткан.

Тажикстандын Дин иштери боюнча комитетинин маалыматына караганда, 2010-жылдан бери Йеменде, Сирияда, Египетте, Пакистанда, Ооганстанда, Иракта жана Иранда мыйзамсыз диний билим алып жүргөн 3 миңден ашык тажикстандык мекенине кайтарылган.

XS
SM
MD
LG