Өзбекстан президентинин маалымат кызматы кабарлагандай, Мирзиёев өз сөзүндө "Путиндин азыркы Орусиянын калыптануусундагы тарыхый ролун жана эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине кошкон салымын" баса белгиледи.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө келечекте өлкөлөр ортосундагы көп пландуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелери жөнүндө да сөз болду.
Мындан тышкары президенттер Шавкат Мирзиёевдин ноябрь айында Москвага боло турган мамлекеттик сапарына даярдык көрүү маселесин талкуулашты.
Өзбек президентинин Орусияга мамлекеттик сапары 2020-жылы февралга белгиленген. Көп өтпөй ал июнга жылдырылганы кабарланып, бирок коронавирус пандемиясына байланыштуу ишке ашпай калган.